• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаев алынып келинди

3 Жалган куран 2020 16:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуу жабык режимде өтүп жатат. Соттук отурумга журналисттер жана айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.

Сот залына айыпталуучулардын бири мурунку президент Алмазбек Атамбаевди алып келишкен, бирок Алмазбек Атамбаевди сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берилген жок.

Соттун имаратына бардык фигуранттардын жакындары келди.

Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталары кабарланып, кийин 3-мартка жылган.

Кошумчалай кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Количество просмотров: 366