• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы: Самат Курманкулов дарылануусун Кыргызстанда улантат

5 Чын куран 2020 21:07 Бишкек Govori.TV

Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов ооруканадан чыгып,дарылануусун Кыргызстанда улантат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрининин орун басары Мадамин Каратаев 24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, Курманкулов дарыланып жаткан ооруканага кырдаалга байланыштуу коронавирус илдетине шектелгендер жаткырылат.


«Эртең Самат Курманкулов Бишкек шаарына учуп келет. Ал атайы обсервацияга жаткырылып, тиешелүү анализдер алынат. Мындан аркы дарылануусу Кыргызстанда уланат. Учурда абалы канаттандраалык»,-деп билдирген Каратаев.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өзү сүйлөп, басып калганын маалымдаган.

Количество просмотров: 184