29-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумөтүп жатат. Ага бул иште айыпталуучу катары өтуп жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков менен президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязов алынып келинди.
Колуна кишен салынып келинген Равшан Жээнбеков аларга эл аралык террорист катары мамиле кылынарын, бул басым экенин жана кишендер буга далил болуп турганын билдирди.