• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча сот 27-сентябрга белгиленди

20 Аяк оона 2021 17:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум өтүп, кийинки жараян 27-сентябрга белгиленди.

Соттук отурумга экс-депутат Равшан Жээнбеков гана алып келинди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов катышкан жок.

Эске салсак, 2019-жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген. 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Количество просмотров: 150