• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кой-Таштын тургундарынын кайрылуулары боюнча Акыйкатчынын комиссиясы да иш алып барат

16 Аяк оона 2019 9:57 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурундагы жагдайлар жана Кой-Таш айылынын тургундардын кайрылуулары боюнча Акыйкатчынын карамагында комиссия иш алып барат. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, аталган комиссия буга чейин түзүлгөн мамлекеттик комиссия, эл аралык уюмдар бирге иш алып бармакчы. Комиссияны акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев жетектейт.

Буга чейин Кой-Таш айылынын айрым өкүлдөрү 7-8-августтагы мурдагы президентти кармоо учурунда мыйзам бузду деген негизде бул айылдын бир нече тургуну негизсиз камакка алынганын айтып чыгышкан. Алар акыйкатчы менен жолугушкан.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурундагы кагылышууда УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон, мындан тышкары ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинен Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, Москвада дарыланып жатат.

Бул окуядан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Смайлов, Амантур Жамгырчиев камакка алынган. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага кылмыш иши козголуп, үй камагына калтырылган.

Кой-Таштагы окуялар боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген мамлекеттик комиссия иштеп жатат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 44