• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кол менен санап чыккыла… Жапаров шайлоодо жеңилген партияларга кайрылды

29 Жетинин айы 2021 0:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк тууралуу өз пикирин айтып, добуштар уурдалды деп жаткан партияларга кайрылуу жолдоду.

Жапаров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, эгер мүчүлүштүктөр болсо тиешелүү адамдар жазаланаарын билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!
Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет.

Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула», — деп жазган Жапаров.

Эске салсак, парламенттик шайлоодо добуш берүү убактысы аяктагандан кийин — саат 20:00дөн кийин БШКнын расмий сайтынын иштөосү үзгүлтүккө учураган. Бир аз убакыттан кийин кайра ишке кирген сайтта башка сандар чыгып, алгачкы маалыматтарда 10 партия 5 пайыздык босого баллдан өткөнү көрүнсө, ал эми сайт кайра иштеп баштагандан кийин партиялардын саны 6 болгон.

Количество просмотров: 2856