• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кол менен саноо: Бюллетендердин 99,96% серверге киргизилип бүттү

4 Бештин айы 2021 18:41 Бишкек Govori.TV

4-декабрдп Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо бюллетендердин 99,96% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

Өлкөдө жалпы 2494 шайлоо тилкеси ачылган болсо, анын 2493үндөгү протоколдор маалыматтык серверге түштү.

Быйыл парламенттик шайлоого 21 партия катышкан. Добуштардын 99 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 17,31;

«Ишеним» — 13,63 пайыз;

«Ынтымак» — 10,98 пайыз;

«Альянс» — 8,3 пайыз;

«Бүтүн Кыргызстан»— 7,03 пайыз;

«Ыйман Нуру» — 6,14 пайыз.

Бул шайлоодо добуш берүү укугун алган 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталган. Добуш бергендердин саны 1 млн 293 миң 210 болду, бул жалпы катталгандардын 34, 92% түзөт.

Количество просмотров: 221