• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Колдоого муктажмын. Блогер Сыдыман видео кайрылуу жасады

3 Кулжа 2020 9:50 Бишкек Govori.TV

«Сыдыман» каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун учурда соттук иши өтүүдө. Анын айтымына караганда, жакынкы күндөрү чечим чыгат. Бул тууралуу видео кайрылуу жолдоду.

«Азыр мамлекеттик айыптоочу мага 6 жыл сурап жатат. Менин сотторго деле доом жок, алар деле өз ишин аткарып жатышат. Тактап айтканда, кооптуу боло баштады. Мен корко баштадым. Үйдө апам кан басымы көтөрүлүп, ооруп жатат. Ар бир сотто ар кайсыны уга берип, ооруп калды. Азыр адилеттүүлүккө гана ишенип отурам. Бүгүнкү күндө колдоого муктажмын»,-деп билдирген блогер.

Эске салсак, «Сыдыман» каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган. Ал эми 28-февралда үй камагына чыгып, учурда соттук иши Октябрь райондук сотунда каралууда.

Бул баланын соту тууралуу ойунуздар кандай? Менимче 6 жыл ото эле коп болуп кетти го э?

Опубликовано Айгерим Акматовой Вторник, 2 июня 2020 г.
Количество просмотров: 2606