Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.
“Өспүрүм” рейди учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында колдору керебетке байланган өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалым болгондой, каттоодо турган аз камсыздандырылган үй-бүлөлөрдү текшерүү учурунда керебетке колдору байланган өспүрүм кыз табылган. Ал эми 1950-жылы туулган аялдын айтымында, небереси аны укпай үйдөн качып кетип жаткандыктан, башка небересине анын колун байлоону тапшырган.
Учурда өспүрүм борбор калаадагы балдарды коргоо борборуна 6 айга жайгаштырылды.