• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Комендант: Эреже бузган айдоочулардын уруксат кагаздары артка алынат

26 Чын куран 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Жол эрежесин бузган айдоочулардын уруксат кагаздары артка алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиев, шаардын көчөлөрүндө унаалар аз экенине карабай, айрым айдоочулар жол эрежсин бузуп, жол кырсыгына учурап жатканын айтып, жол эрежесин сактабаган айдоочуларга кайрылды.

«Учурда шаардын көчөлөрү бош жана автоунаалардын саны аз. Ошондо да унааны катуу ылдамдыкта айдап, жол кырсыгына кабылып жатасыздар. Силерге уруксат кагаздары бул үчүн берилген эмес. Кимде-ким жол эрежесин бузуп, жол кырсыгына кабылса берилген уруксат кагаздары артка алынарын эскертем», — деди ал.

Количество просмотров: 165