Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 113 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 98, Ош шаарында – 11, Жалал-Абад шаарында – 4 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган эмес.
Кошумчалай кетсек, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4846 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган.