• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Коменданттык саат: 163 жаран кармалды

8 Бугу 20209:42 Бишкек Govori.TV

8-майга караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 163 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 143, Ош шаарында – 10, Жалал-Абад шаарында – 7, Ат-Башы районунда – 3 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Белгилей кетсек, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4733 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

Количество просмотров: 135