• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Комендант: Орозодо баарыңыздар карантин эрежесин сактап, үйдө отуруңуздар ⠀

23 Чын куран 2020 12:12 Бишкек Govori.TV

Рамазан айында ооз ачтыруу сооп иш, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды жана чектөөлөрдү эске алып, аларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди

«Урматтуу шаар тургундары, эртең, 24-апрелде орозо айы башталат. Бардык мусулмандар бул ыйык айды көптөн бери күтүп жатышкан. Тилекке каршы, быйылкы орозо айы коронавирус инфекциясына байланыштуу карантинге туш келди. Баарыңарга белгилүү болгондой, Бишкек шаарында жана башка айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилген. Ошондуктан сиздерден суранат элем, Кыргыз өлкөсүнүн муфтийи Максатбек Токтомушев айткандай, ооз ачуу убагын жана намаз окуганды үй-бүлөңөр, жакындарыңар менен өткөрүп, эшикке чыкпастан үйдө болуңуздар», — деди комендант Орозалиев.

Количество просмотров: 183