14-апрелге караган түнү 3 шаар менен 3 райондогу текшерүү иштеринин жүрүшүндө 46 адам кармалып, 9 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаары боюнча 40 адам, Жалал-Абад шаары боюнча 6 адам кармалган. Ал эми Ош шаары, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.
Коменданттык саат башталган 25-марттан бери жалпы 2518 адам кармалган.