• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кемпир-Абад иши: Түрмөдө ооруп жаткандарды ооруканага которуу талабы айтылды

30 Үчтүн айы 2023 15:42 Бишкек Govori.TV

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” аялдарды жана бүгүнкү күндө ооруп жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу маалымат аталган комитеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар ЖК төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожомкуловага, Акыйкатчы институтуна, кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз. Кемпир-Абадды коргоп камалгандар ооруп жаткан аялзатын, А.Бекназаровду, М.Абыловду, Р.Жээнбековду, Т. Мадаминовду 31-колония эмес, атайын ооруканага чыгарууну талап кылабыз. Биз кайрылган жогорку бийлик, мамлекеттик уюмдар адам өмүрүнө кайдыгер болбойт деп ишенебиз»,-деп жазылган кайрылууда.

Эске салсак, 2022-жылдын 23-28-октябрында саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Количество просмотров: 446