• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстан: Президенттик шайлоого каршы митинг өтө турган күнү 5 активист кармалды

26 Тогуздун айы 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Астана жана Алматы шаарларында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы акция өтө турган күнү (25-октябрь) бери дегенде 5 активист кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Алматыда Илимдер академиясынын алдындагы аянтта Асет Абишев, Айдар Сыздыков жана Канатхан Амренов кармалды.

Астанада полиция кызматкерлери кеминде эки кишини кармап кетишти. Алардын бири активист Венера Жанабаева болсо, экинчи адамдын аты-жөнү аныктала элек.

«Азаттыктын» казак кызматы маалымдагандай, Астананын акция өтөрү айтылган Жеңиш проспектисиндеги гүлбактын айланасы темир тосмо менен тосулуп, полиция кызматкерлери күзөтүп турушту. Күч түзүм кызматкерлеринин бири журналисттерге «майрамга байланыштуу эл эс алган жерди күчөтүлгөн режимде кайтарып жатышканын» айткан.

Митингдер 25-октябрда баш калаада жана Алматыда өткөрүлмөк. Демилгечилер – катталбаган «Алга, Казакстан!» партиясынын активисттери мөөнөтсүз президенттик шайлоону жокко чыгаруу талабын коерун жарыялашкан.

Количество просмотров: 87