• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Бийликти сындаган жарандарды коркутуу аракети». Медиа аракет Платформасы кармалдагандар боюнча билдирүү таратты

24 Тогуздун айы 2022 18:07 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстанда сөз эркиндигине каршы репрессия күч алып баратат!». Мындай билдирүүсүн Кыргызстандын медиа аракет Платформасы таратты.

Кыргызстандын медиа аракет Платформасынын билдирүүсүндө журналисттердин, укук коргоочулардын, активисттердин суракка чакырылып, тинтүүгө алынып, камакка алынганын бийликтин аракетин сындаган Кыргызстандын жарандарын коркутуу аракети деп эсептей тургандыктары жазылган.

Төмөндө билдирүүнүн толук текстин беребиз:

23-октябрда эртең менен Кыргызстанда жарандык активисттер менен журналисттердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүү жана кезектеги кармоо иштери башталды. Аларга КР Жазык кодексинин 36-278-беренелери боюнча айып тагылууда. Соттун санкциясы жок жүргүзүлгөн тинтүү (алып коюу) жөнүндөгү токтомдо иш козголгондугунун себеби мындайча айтылат, «кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча – зордук-зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктөрдү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруу менен, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүмдү колдонуу менен же бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык кылуу” деп көрсөтүлгөн.

Журналисттер Перизат Суранова менен Айданбек Акматов, Канышай Мамыркулова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, активисттер Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Эрлан Бекчороев, Таалай Мадеминов жана башкалар суракка чакырылып, тинтүүгө алынып, камакка алынган. Муну бийликтин аракетин сындаган Кыргызстандын жарандарын коркутуу аракети деп эсептейбиз.

Себеби, кармалган Кыргызстандын жарандарынын арасында биздин кесиптештер да бар, алар мамлекеттин кызыкчылыгына каршы багытталган акцияларды уюштурбагандыгына ишенебиз. Ал эми зарылчылык жаралса, алардын баары тергөөчүнүн чакыруусу менен өз ыктыяры боюнча суракка келишмек.

Ошондуктан массалык тинтүүлөрдү жана камоолорду (өзгөчө дем алыш күндөрү) коркутуу жана биздин өлкөдө сөз эркиндигин кысуу аракети катары кабыл алдык.

Дегеле мындай аракет — сөз эркиндигин басуу жана Кыргызстандын жарандарынын өлкөдөгү жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алуу укуктарын чектөө саясатынын уландысы жана ал тереңдеп бара жатат деп эсептейбиз.

Журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер, коомдун маалымат алуу укугун жана пикирлердин плюрализмин коргогон кайдыгер эмес жарандар куугунтукталууда. Аларга кылмыш иши козголуп, кармалып, тергөө жайларында кармалып, соттолуп жатышат.

Коомдогу жана мамлекеттеги окуяларды жана процесстерди чагылдыруу боюнча өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарып жаткан көз карандысыз басма сөзгө бөгөт коюу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу боюнча мыйзамсыз талаптар жана зордук-зомбулукка чакырган митингдер уюштурулуп, ушул эле багытта кол топтоо жана социалдык тармактарды колдонуу менен каралоо кампаниялары уюштурулууда.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен биз төмөнкүлөрдү талап кылабыз:

— журналисттерди, укук коргоочуларды, жарандык активисттерди куугунтуктоону токтотууну;

— журналисттерге, активисттерге жана коомдук ишмерлерге Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген коргоону жана сот акыйкаттыгын камсыздоону;

— мамлекеттик саясаттын маселелери жана кызмат адамдарынын аракеттери боюнча жарандардын өз пикирин билдирүү укугун чектебөөнү;

— кылмыш иштери козголгон учурда камакта кармалбагандай бөгөт коюу чараларын тандоону.

Количество просмотров: 51