22-апрелге караган түнү өзгөчө абал режими бар аймактарда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 83 адам кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 5 унаа айып короого киргизилген.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал режими жарыяланган.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
— Бишкек шаары боюнча 59 адам;
— Жалал-Абад шаары боюнча 7;
— Ош шаары боюнча 7;
— Нарын шаарында 2;
— Ат-Башы районунда 3;
— Сузак району боюнча 5 адам кармалды. Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.