Бишкек шаарына кечээ, 25-марттан баштап өзгөчө абал режими киргизилди. Коменданттык саат 20:00дөн 07:00гө чейин. Бул убакыт аралыгында көчөгө чыгууга тыюу салынган.
Борбор калаада коменданттык саат учурунда кармалган жарандар, абал боюнча ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев бүгүн, 26-мартта онлайн брифингде маалымат берди.
Анын айтымында, туруксуздукту болтурбоо максатында Бишкек шаарынын башкы башкармалыгын кызматкерлери менен куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы тарабынан иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бишкекте коменданттык саат учурунда коюлган талаптарга баш ийбей жүргөн 195 жаран кармалган. Анын ичинен 163 эркек, 14 аял жана 6 өспүрүм. Кармалган жарандар РИИБдин бөлүмүнө жеткирилип, алардын өздүгү такталып, протокол түзүлдү.
Райондор боюнча алганда:
— Ленин районунда: 56 адам (7 аял, 49 эркек);
— Свердлов районунда: 60 адам (6 аял, 54 эркек, анын ичинде 2 өспүрүм);
— Октябрь районунда: 37 адам (1 аял, 36 эркек, анын ичинде 1 өспүрүм, 3 чет өлкөлүк);
— Биринчи май районунда: 42 адам, анын ичинде 1 өспүрүм жана 9 чет өлкөлүк).