• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Коменданттык саатта кимдер көчөдө жүрө алат? Бишкек комендантынын жообу

24 Жалган куран 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

КРнын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык саатта кимдер көчөдө жүрө аларын айтат.

Ал билдиргендей, комендаттык саатта укук коргоо органдары жана медицина кызметкерлерине уруксат берилет. «Ал эми журналисттер иштөө мөөнөтүн тактап, коменданттык саатка чейин ишин бүтүрүүсү керек. Анткени, бул убакта адамдарга жана транспортторго толук чектөө коюлат», — деди ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Количество просмотров: 211