• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коменданттык сааттын шартын бузган 135 жаран кармалды

5 Бугу 2020 9:54 Бишкек Govori.TV

5-майга караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 135 жаран кармалып, 4 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары – 110, Ош шаары – 11, Жалал-Абад шаары – 8, Ат-Башы району – 6 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмтөрүнө жеткирилген.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4415 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Ошондой эле 25-марттан баштап ушул күнгө чейин коменданттык саатт ы бузгандыгы үчүн 350 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Количество просмотров: 78