Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары аймак аралык кастыкты козутуп, бийликти кетирүү талабы менен коомдук-саясий абалды курчутууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров баяндама жасап айтты.
Шайназаровдун айтымында, Атамбаев Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын 2017-жылы токтоткондон кийин да негизги коомдук-саясий процесстеги таасир сактоого жана мамлекеттик инстутуттарды көзөмөлдөп турууга ниеттенген
Атамбаев үчүн президенттик шайлоодон кийин бийликтин конституциялык түзүлүшүнө жанаша бейформал башкаруу системасын түзүүгө аракет кылган. 2019-жылдын июнь айынан тартып радикалдуу иштерди кылуу менен коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун бузууга аракет кылган. Анын ичинде аймак аралык кастыктын отун жагышты. Кой-Таштагы үйүндө Атамбаевди коргоо штабын түзүп, УКМКнын маалыматы боюнча анын үйүндө белгилүү сандагы тарапташтары дайыма болушун чечишкен. Күнүнө 3 жолу тамактануу жана акча каражатын төлөп берүү уюштурулган.
Т.Шайназаров
Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик комиссиянын корутундусу боюнча талкуу жургузуп жатат.