• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Комиссия: Ниязбеков Атамбаев жана анын жансакчыларынын огунан каза болгон

12 Бештин айы 2019 16:15 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссия «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчыларынын огунан каза болгон» деп тапты.

Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Учурда парламент Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

«Альфанын» кызматкерлери оор калкандары менен коргонуп, үйдүн темир торлорун бузуу ишин улантып жатканда Атамбаев жана анын жансакчылары «Альфа» кызматкерлерин токтотуу үчүн 3-кабатта атайын даярдалган орундан ок атып, үч адамды жарадар кылышкан. Анын ичинде «Альфанын» жетекчисинин орун басары, полковник Ниязбеков октон жараат алып, ооруканада жан берген. «Альфа» кызматкерлерине ок атуулардан улам алардын үчүнчү кабатка кириши жана Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү боюнча планды ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес, — деди Шайназаров.

Депутаттын маалыматына караганда, Атамбаевдин тарапташтары массалык башаламандык уюштуруп, «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерлерин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн сүрүп чыгарышкан. УКМКнын айрым кызматкерлери чыгып кетип, калгандары чогулгандардын колуна түшүп калган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 612