• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү». Байсалов Айдарбековду сынга алды

18 Тогуздун айы 2022 13:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун макулдашуу долбоорун колдоо боюнча комитеттин чечимине кол койбой жатканы тууралуу пикирин айтты. Ал билдирүүсүн өзүнүн Twitter баракчасында жазган.

«Ч.Айдарбеков каалагандай “каршы” добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү. Анын популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы жок дегенде анын компетентсиздигинен кабар берет», — деп жазган ал.

Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү.

Количество просмотров: 865