• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Конгрессмен Трампка импичмент жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди

23 Аяк оона 2019 9:38 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге басым жасагандыгы аныкталса, америкалык лидерге карата импичмент жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф CNN телеканалынын эфиринде билдирди.

«Эгер президент Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп, ошол эле маалда коркутуу аркылуу украин лидерин мыйзамсыз иштерди жасоого көндүрүүгө аракет кылса, анда буга жалгыз импичмент гана татыктуу жооп болушу мүмкүн», — деп билдирди Шифф.

Учурда АКШда Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы телефондук сүйлөшүү кызуу талкууланууда. Буга чейин Трамп Зеленский менен сүйлөшкөндө Украинада мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылганы тууралуу кабар тараган.

Ал ортодо сенатор-демократ Крис Мерфи NBC каналындагы маегинде аталган маселени Конгрессте кароону сунуштап, бул президентке импичмент жарыялоого негиз боло ала турганын билдирди.

Количество просмотров: 29