• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Конор Макгрегор кетпей калды

4 Чын куран 201914:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор октагондон кетпей калганын айтты. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасына жазганын «vesti.ru» маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жеңил салмактагы дүйнөнүн мурунку чемпиону Макгрегор өзүнүн баракчасына «Мен мындан ары да өскүм келет. Октагондон көрүшкөнчө»,- деп жазган.

Эске салсак, Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFCден кеткени тууралуу мындан 9 күн мурун жарыялаган.

«Достор, бүгүн UFC аттуу спорттон кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, эми пенсиядамын», — деп жазган ал.

Конор Макгрегор жалпы жонунан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишкен.

Количество просмотров: 12