• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Конор менен Хабибтин мелдешинен кийин залда массалык ызы-чуу орун алды

7 Тогуздун айы 2018 13:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.10.2018.Govori.TV

Хабиб Нурмагамедов менен Конор Макгрегордун көпчүлүк күткөн мелдеши жыйынтыкталгандан кийин, залда массалык ызы-чуу жана мушташ орун алды. Мелдеште Россиялык Хабиб жеңүүчү аталганы менен абалды курчутуп жиберди. Себеби, ал октагондон секирип түшүп, UFS президентинен эскертүү алды. Бул секирүүнү көпчүлүгү балбандын беделине шек келтирген адамга намыстанып жулунганы катары түшүнүштү. Бул учурда Макгрегор дагы жөн турбай, Хабибтин тарапташына жулунган.

Абалды полиция кызматкерлери жөнгө салып, көзөмөлдөштү.  Бирок, кандай болгон күндө да турнир Хабиб үчүн жемиштүү болуп, жеңишти камсыздады. Анткен менен, тилекке каршы ага сыйлуу кур официалдуу берилген жок. «Америка эли бул утушту тааныбайт» дегендер дагы чыкты. Хабиб Нурмагамедов жеңишти атаандашы Конор Макгрегорду муунту ыкмасы менен, бүркүтчө жабышып 4-раундта таза камсыздаган эле. Алар уюмдун жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн күч сынашты. Конор жана Хабибтин салмактары 70кг түзөт жана экөө тең 30 жашта.

Количество просмотров: 27