• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Конституция талашы: Текебаев Жапаровдун айткандарына жооп берди

7 Бештин айы 202017:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-декабрда Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» жеке баракчасына 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны «Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамы» деп атап, Кыргызстан ал Конституция менен 10 жылда 30 жылга артка кеткенин жазды. Ошондой эле «бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебей турганы тастыкталганын», партиялык шайлоо системасы «кызылдай бизнеске айланып кеткенин» жазган.

Жапаров «Фейсбуктагы» жеке баракчасына мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыктагы» маегине жооп катары жазган. Текебаев «Азаттыктагы» соңку интервьюсунда Конституциянын талкууланып жаткан жаңы долбоорун сынга алып, ал Кыргызстанда өзүм билемдик режимди орноторун айткан.

Андан көп өтпөй саясатчы Өмүрбек Текебаевдин маеги чыгып, анда ал «Жаңы» Конституцияны сындап жатканынын себебин айтты.

«Садыр Жапаров менен 5 жолу жолуктук. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз деп өтүнүштү. Мен айттым, “биринчиден, мени сыйлап, пикиримди угуп, кеп-кеңешимди сурап койгонуңарга ыраазымын. Башыбыздан көп нерселер өттү, баарыбыз түрмөнү да көрүп чыктык, үй-бүлөлөрүбүз дагы бирдей кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүштү. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Аксакал деп алдымдан өткөнүңөргө кубанып, бул урматыңарды кантип кайтарсам экен деп жетине албай турам. Силерди колдоп келатам. Бирок, мен бир учурда силерди колдой албайм. Эгерде, бийликке кызыгып, жеке бийлигиңерди бекемдейм десеңер, авторитардык жетекчилердин системасын алып келебиз десеңер, башкача айтканда, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер мен ачык каршы чыгам”,- деп ар бир жолугушууда эки жолудан кайталап айттым. Ошондуктан, менин Садыр Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындагандыгым, бул өз сөзүмдөн айнып кеткендигим эмес, тескерисинче өз сөзүмдө бекем тургандыгым. Мен деле аксакал болуп, жөн эле жашайын деген оюм бар эле. Үй-бүлөм да колдойт. Бирок, мени “аксакал болуп бер” деп иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч убакта “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын. Өмүр бою солдат болуп, өз постумду таштабайм», — деген ал.

Количество просмотров: 1068