• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Конституциялык палата мөөнөтүн узарткан парламенттин чечимин колдоду

2 Бештин айы 2020 19:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу чечимин жана референдум өткөрүүнү мыйзамдуу деп тапты. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев окуду.

Ал эми арыз берген тарап Конституциялык палатанын чечимине нааразы болушту.

«Конституциялык палатанын бүгүнкү чечими мени канаттандырган жок. Бул саясий чечим болуп калды. Буга чейин Венеция комиссиясы чыгарган корутундуда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинен конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгилеген»,-деди Таалайбек Усубалиев.

Буга чейин «Реформа» партиясы жана юристтер бирикмеси президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын айрым ченемдерин токтото турууга каршы арызданышкан.

Конституциялык палатанын 8 судьясы:

— Дүйшеев Карыбек Арстанбекович (төрага)
— Өскөнбаев Эмиль Жолдошевич (төраганын орун басары)
— Саалаев Жедигер Ибраимович (судья-катчы)
— Бобукеева Меергуль Рыскулбековна (судья)
— Жумабаев Латип Пазылович (судья)
— Касымалиев Мукамбет Шадыканович (судья)
— Кыдырбаев Кырккелди Джумалиевич (судья)
— Шаршеналиев Жамил Асанбекович (судья)

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга дайындаган. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш өзүнчө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген.

Бир катар партиялар шайлоону мыйзам чегинде жана Боршайком белгилеген убакытта (20-декарда) өткөрүүнү, жаңы чакырылыштагы парламент калыптана элек өткөөл учурда азыркы Конституцияны өзгөртүү далалатынан баш тартууну талап кылып жатышат.

Количество просмотров: 249