• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Конституциялык палатанын үч судьясы кызматтан бошотулду

27 Жетинин айы 2019 12:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны, Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу жолу менен ыйгарым укуктарын токтотуу сунушун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, 5 ваканциялык кызмат оруну бош турганына байланыштуу азырынча 6 судья гана иштеп жатат.

Количество просмотров: 77