• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК тарабынан кармалган Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулду

17 Теке 202516:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.

Ошондой эле Ырсалиев ээлеген кызмат жоюлуп, транспорттук блог боюнча мэрдин орун басарынын функцияларын аткаруу жана ишин координациялоо Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев УКМК тарабынан кармалган.

Количество просмотров: 212