• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курманбек Бакиев боюнча өтүнүчтү Конституциялык сот карай турган болду

13 Бештин айы 202413:23 Бишкек Govori.TV

КР Конституциялык соту Кыргызстандан качып кетип Белоруссияда жашап жаткан Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн кабыл алганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын сайтына жарыяланган.

К. Бакиевдин адвокаты И.Айткуловдун Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелери Конституцияга, анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү өтүнүчүн Консоттун коллегиясы кабыл алган.

И.Айткулов Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 243, 251, 253-256-296-412-421-беренелери Конституциянын преамбуласына, Баш мыйзамдын 1-24-59-61-100-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары, тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун көрсөткөн. Жактоочу бул мыйзам бузууга жатат деп эсептейт.

Адвокат мындан башка айыпталуучу апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда даттануу жол-жоболору аяктагандан кийин келсе, ал сырттан чыгарылган өкүмдү даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы — сот адилеттигин жокко чыгарат деп көрсөткөн.

Ушундан улам ал өзү кароону өтүнүп жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таануу үчүн Конституциялык сотко кайрылган.

Конституциялык сот болсо өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап, алты айдын ичинде ал боюнча акт чыгарыларын билдирди.

Эске салсак, Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнүн аркасында бийликтен кулатылган. Төңкөрүштүн аркасында элге ок атылып, жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар жарадар болушкан.

Количество просмотров: 348