• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев каза болду

15 Жетинин айы 202317:01 Бишкек Govori.TV

Коомдук ишмер, саясатчы Топчубек Тургуналиев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалым болгондой, маркумдун сөөгү 17-ноябрда Аксы районунда жерге берилет.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган.

Кошумчалай кетсек, Тургуналиев 1990-жылдардагы коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) уюштуруучулардын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын жетектеген.

2019- 2021- жылы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясына төрага болгон.

Количество просмотров: 196