Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев оорунун айынан каза болду.
Маалыматка караганда, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан. 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде үзүлгөн.
Жыпар Жекшеевич Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.
Жекшеев 1995–2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.
2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тартып ал Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.
Маркумдун акыркы кызматы 2017–2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.
Govori. TV маалымат агенттигинин эмгек жамааты Жыпар Жекшеевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.