• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коомдук ишмер Ташкул Керексизов каза болду

8 Бугу 202110:14 Бишкек Govori.TV

Коомдук ишмер Ташкул Керексизов 7-майда 73 жашында каза болду.

Керексизов акыркы күндөрү Бишкектеги Жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» комплексинин негиздөөчүсү. 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган.

1999-2000-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген, 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланган.

Ал Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде «Рух Ордо» комплексинен тышкары «Аалам Ордо» маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.

Количество просмотров: 299