• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коомдук ишмер Эмилбек Абакиров каза болду

22 Үчтүн айы 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

92 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Абакиров Эмилбек Абакирович дүйнөдөн кайтты.

Эмилбек Абакиров 1929-жылы 18-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кудук айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин «Шамшы» совхозунда жана «Кегети» асыл-тукум совхозунда жумушчу, Чүй районунун Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи болуп иштөөдөн баштаган.

1953-жылы Фрунзедеги кооперативдик техникумда окуп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн.

Ош педагогикалык институтунун окутуучусу, комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген. Кийин Эмилбек Абакиров комсомолдун Ош обкомунун пропаганда жана агитация боюнча катчысы болуп шайланган. 1960-жылдан баштап партиянын Ош обкомунда иштеген. 1970-жылы жазында партиянын Ош шаардык комитетинин 1-катчысы шайланган. Андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары жана Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1973-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Профсоюздар кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бул кызматта 1995-жылдын октябрына чейин иштеп, профсоюздук кыймылдын көрүнүктүү кыргыз советтик ишмери катары элдин эсинде калды. 1995-жылы Борбор Азиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын профсоюздук борборлорунун башкы катчысы болуп дайындалган.

1976-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын XXV съездине делегат болуп шайланган.

1989-жылы СССР эл депутаты болуп шайланган. Улут саясаты жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттар кеңешинин комиссиясынын мүчөсү болгон.

Төрт жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Эмилбек Абакиров өзүнүн мол тажрыйбасы, терең билими, чечкиндүүлүгү, бийик моралдык-этикалык принциптери менен татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон.

Количество просмотров: 335