Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза болгон белгилүү коомдук ишмерлердин жакындары менен жолугушту.
Бүгүн, 30-июль өлкөдө коронавирус пандемиясынын курмандыгы болгон жарандардын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасынан кийин Сооронбай Жээнбеков парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун, мурдагы депутаттар Чыныбай Турсунбеков жана Жыпар Жекшеевдин үй-бүлөлөрүнө барды.
Туугандарынын айтымында, мамлекет башчы аларга көңүл айткан. Андан кийин куран окулду.