• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Коомдук транспортто электрондук билеттер иштей баштады

25 Бирдин айы 2019 14:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

25-февралда Ош шаарындагы коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке кирди. Ага ылайык, шаарда №1 каттамдагы троллейбустар жол акысын электрондук билет менен кабыл ала баштады. Апта аягына чейин №2 каттамдагы троллейбус, ал эми март айында муниципалдык автобустарда жол акы электрондук билет аркылуу төлөнө баштайт. Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, электрондук билеттердин иши автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Электрондук билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Электрондук билет картасы жарандарга паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү менен гана берилет. Ардагерлер бекер жүрсө, окуучулар 1 сомдон, чоңдор троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Жүргүнчүлөр электрондук билет картасынын балансын толуктап турушу керек.

Учурда электрондук билет картасынын балансын толукташ үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоо мүмкүн болот.

Количество просмотров: 25