• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мал уурулукка каршы рейд өткөрүлдү

24 Аяк оона 202410:26 Бишкек Govori.TV


20-22-сентябрь аралыгында республиканын бардык аймагында мал уурулуктун алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мал уурулуктун өсүшүнүн алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууда ИИМ жана Айыл чарба министрлиги менен биргеликте бекитилген регламенттин максатына ылайык, өлкө аймагында мал жандыктарынын жана эт азыктарынын ташылуусуна мониторинг жүргүзүлдү.

Ошондой эле уурдалган малдын этин сатуу каналдарын аныктоо максатында Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматы мал базарлар, касапканалар, мал этин иштетүү цехтери, этти сатып алуу жана сатуу менен алектенген жарандардын иштерин текшерди.

Мал уурулук боюнча иш-чара өтүп жаткан убакытта республика аймагында 45 блок пост коюлуп, басымдуу бөлүгү мал ташып өтүүчү жолдорго жайгаштырылды. Рейддерди өткөрүүдө аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлеринен кошумча мобилдик топтор жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары ири мүйүздүү жана майда малдын эти дүңүнөн ташылып келип турган ири соода-базар комплекстеринин аймактарында рейддер жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 97