• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кеня менен Джон эми уюшкан кылмыштуу топко кирбейбиз дешти

16 Тогуздун айы 202412:28 Бишкек Govori.TV


Бишкекте “Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнен билдиришти.

Рейдке 900дөн ашууун милиция кызматкери тартылды. Тартип сакчылары коомдук тартипти бузгандарды милиция бөлүмдөрүнө алып келип, айрымдары соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары ар кандай кылмыштардын бети ачылган. Ошондой эле рейддин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлдөрү 37 жаштагы Т.К., Кеня каймана аты менен белгилүү, 29 жаштагы Джон лакап аты бар М.Н. милицияга алынып келинди.

Экөө тең мурда бир нече жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон. Профилактикалык сүйлөшүү учурунда алар кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартышты. Алар мыйзамдарга баш ийип, жашайбыз деп ишендиришти.

Количество просмотров: 161