• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

“Коопсуз шаар” боюнча онлайн-сынак болуп жатат

1 Баш оона 201814:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV

Кыргыз Өкмөттү 2013-жылдан бери келе жаткан “Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барууда. Азыр долбоорду ишке ашыруу боюнча онлайн-сынак жүрүп жатат. Бул маалыматты Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен ырасташты.

Анда белгилүү болгондой, онлайн-сынакта долбоорду ишке ашырууну каалаган жергиликтүү, чет элдик компаниялар долбоор менен таанышып, электрондук түрдө катышуу боюнча арызын ташташат   «10-августтан кийин биз онлайн-сынакка катышып, арыз берген компаниялар менен тааныша алабыз. Ошондон кийин алардын материалдык-техникалык базалары,  расмий документтери менен таанышып чыгып, конкурска ат салышууга укук беребиз. Конкурста утуп чыккан компания өкмөт менен түз кызматташып, долбоорду ишке ашырат”, -деп айтылат алар берген маалыматта.

Эске сала кетсек, мурдагы өкмөт башчы Сапар исаков бул долбоорду “Акылдуу шаар” деп атап, кытайлык компаниялар менен келишим түзүп, кийин айнып кеткен.

Количество просмотров: 13