“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Мындан улам президенттин парламенттеги өкүлү жол коопсуздугун камсыздоо жана «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу маселесин жабык эшик артында кароону сунуштады.
Комитет мүчөлөрү анын демилгесин жактырып, маселени жабык эшик артында кароо чечимин кабыл алышты.