• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оруссиянын компаниясы Кыргызстандын «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырат

8 Аяк оона 2018 13:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.09.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш маалыматтык комитети (мындан ары Комитет) «Коопсуз шаар» компонентин жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга реалдуу убакыт ыргагында онлайн тооруктагы женүүчү — «ВЕГА» РАДИОКУРУУ КОНЦЕРН» АК тарабынан сунушталган документтин көлөмү 2000 барактан жогору болуп жаткандыгынан улам, сынактык билдирмени баалоо үчүн кошумча убакыт керек болуп жатканын маалымдайт.
Мында, бааны төмөндөтүү боюнча реалдуу убакыт ыргагындагы онлайн тоорукта утуп чыгуудан тышкары, утуп алган компания квалификациялык талаптарга жооп бериши зарыл.
Буга байланыштуу сынактык комиссия жогоруда аталган ишкананын билдирмесин баалоо ишин баштаган. Азыркы учурда сынактык билдирмени баалоо боюнча ишти тез жана сапаттуу аткаруу үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык, сынактык билдирмелерди баалоо, ошондой эле талаптарга ылайык келүүчүлүккө аудиттин мөөнөтү жана келишим түзүү 30 календардык күнгө барабар экенин белгилей кетүү зарыл.
Сынактык комиссиянын чечими тууралуу маалымат Комитеттин расмий сайтына жайгаштырылат.
Кошумча иретинде 2018-жылдын 4-сентябрында саат 15:00 «Акылдуу шаар» долбоорунун бир багыты «Коопсуз шаар» компонентин жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга реалдуу убакыт ыргагында бааны төмөндөтүүгө онлайн тоорук болуп өткөн. Баштапкы баа 2,5 млрд сом суммасында белгиленген.
Сынактын биринчи -төмөнкү бааны сунуштоо баскычында «ВЕГА» РАДИОКУРУУ КОНЦЕРН» АК жеңүүчү катары эсептелген. Ал №1-Лот боюнча: 1 125 765 277,48 сом, №2-Лот боюнча: 1 195 575 730,47 сом сунуштаган.
Количество просмотров: 19