Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.
Мониторинг жүргүзүү максатында айыппул төлөө системасындагы маалыматтарды сактоочу технологиялык каражаттар 26-марттан 28-мартка чейин убактылуу токтотулду. Буга байланыштуу жол эрежесин бузган айдоочулардан да бул күндөрү айыппул алынбайт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын маалыматы боюнча, учурда системаны жаңы серверге өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Коопсуз шаар» долбоору Кыргызстанда 12-февралдан тарта ишке кирген. Айрым мүчүлүштүктөргө байланыштуу эреже бузган айдоочулардан айыппул алуу 4-марттан тарта жүрө баштаган. Айыппул тууралуу маалымдама келгенден кийинки 15 күн аралыгында айыппулдун жарымын гана төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет.