• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Коопсуздугума Путин менен Жапаров кепил болгон». Акаев УКМКдагы сурагы тууралуу айтып берди

21 Бештин айы 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке келип УКМКда сурак берген соң Москвага кеткен. Ал Бишкекке болгон сапары, УКМКда берген сурагы жана алдыдагы пландары тууралуу «МК» басылмасына маек берген.

Анын айтымында, ага коюлган бардык айыптар алынган жана ал эми башка кыргыз жарандарындай эле өлкөгөн каалаган учурда келе алат.

«Мекениме экинчи жолу бардым. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен тыгыз иштештим. Азыр мага карата эч кандай доомат жок, мага ачылган бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстанга каалаган убакта бара алам», — дейт Аскар Акаев.

Ал белгилегендей, буга азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун салымы чоң.

«Ал мага жеке өзү телефон чалып, Кыргызстанда 16 жылдан бери көп иштер топтолгонун, алардын көбү ойдон чыгарылган иштер экенин, бирок аларды жабуу үчүн түшүндүрмө, жооптор керектигин айткан. Мен Жапаровдун чакыруусун кабыл алып, эки күндөн соң Бишкекке келгем. Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты», — деген мурдагы президент.

Акаев журналисттин бир катар суроолоруна жооп берген. Анын айтымында, ал зырынча Орусияда болот, анткени бул жерде менин кызыктуу жумушу бар.

Жана ошондой Акаев журналисттин: «Сиз жайында барганда камап коюшат деп кооптонгон жоксузбу?», — деген суроосуна жооп берип, анын коопсуздугу эки өлкө башчысынын деңгээлинде кепилденгенин билдирген.

«Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин жана Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Орусияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын», — деген ал.

Акаев УКМКда «Кумтөр» ишине байланыштуу күбө жана айыпталуучу катары суроолорго жооп бергенин айткан:

«Кумтөр ишинде мен күбө катары да, айыпталуучу катары да өтүп жаттым… Бишкекте мага берилген суроолордун көбү ушул конкреттүү ишке байланыштуу болду. Анткени, мен бул ишкана тууралуу эң көп билем, инвесторду 1990-жылдардын башында тапкан мен элем. Алар алгач жакшы иштешти. 1990-жылдары бийик тоолуу жана дайым тоңдун шартында рекорддук мөөнөттө, үч жылдын ичинде Борбордук Азиядагы эң ири алтын казуучу ишкана курулган. Биринчи алтын 1997-жылы берилген. Бирок, 2000-жылдардын башында алар кыянаттык менен пайдаланып, экологияга чоң зыян келтирип, айрым чиновниктерибиз коррупцияга аралашышкан…

Ишке зыян келтирбеш үчүн мындан көп нерсе айта албайм. Бирок мен өзүмө тиешелүү суроолордун баарын алып, тергөөчүлөргө эл аралык соттордо жардам бере турган бардык керектүү маалыматтарды берүүгө аракет кылдым».

Аскар Акаев 14-декабрда «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген.

Быйыл 2-августта Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Количество просмотров: 1038