• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сурамжылоо: Аскар Акаевден «Кумтөр» боюнча айыптардын алынышы туурабы?

20 Бештин айы 2021 18:18 Бишкек Govori.TV

Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берип, анын катышуусунда бардык тергөө иштери аяктаган. Бул тууралуу анын санаалашы Бекболот Талгарбеков билдирди.

Маалыматка караганда, сурак 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн.

«Аскар Акаевге кылмыш иши козголгон эмес, болгону териштирүү жүргөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө Кумтөрдөн бир тыйын жебегени жана “Центеррада” бир дагы акциясы жок экени тастыкталды. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө «Центтерра» сатып алган үч башка кендин активи 5% жогору бааланып калганы белгилүү болду. Аскар Акаев ошону жакшылап карап койбогону үчүн элден кечирим сурады», — деп билдирген Талгарбеков.

Бул арада мурунку президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулбаганын анын жактоочусу Айбек Самарбеков айтып чыкты.

«Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар сыяктуу эле А.Акаев да сурак берип жатат. Аскар Акаев тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатат, бирок ага карата козголгон кылмыш ишин токтотуу маселеси жок. Тергөө иштери уланууда», — деген ал.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул тууралуу маалымат бере элек.

Аскар Акаевден «Кумтөр» боюнча айыптардын алынышы туурабы?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 1314