• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

«Коопсуздук-2023» машыгуусу өткөрүлөт

22 Чын куран 20239:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда «Коопсуздук — 2023» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында 25-27-апрель аралыгында уюштурулат.

Ага Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин аталган облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай районунун, Кадамжай районунун жана Базар-Коргон районунун администрациясынын өкүлдөрү, ӨКМ, ИИМ жана УКМКнын аймактык бөлүктөрү катышат.

Количество просмотров: 131