• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкөдө качкындарды кабыл алууга даярданган машыгуу өтөт

19 Жетинин айы 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19-20-ноябрь күндөрү качкындарды кабыл алуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын машыгуу өлкө аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелер ырааттуу окутулат. Анын жүрүшүндө качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жасалат.

«Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкынды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт. Машыгууга президенттин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышат»,-деп айтылат маалыматта.

Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМдин имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн түрүндө көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 166