• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы митингге чыккандардын талабына жооп кайтарды

1 Бугу 202117:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышууда.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин, анткени мындай иш оор кесепеттерге алып келерин белгилейт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Количество просмотров: 333