• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Иманкулов ички коопсуздуктун эң башкы коркунучу катары шайлоолорду атады

12 Баш оона 2021 12:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-августта өтүп жаткан коопсуздукка байланыштуу эксперттердин жыйынында сөз сүйлөгөн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандагы ички улуттук коопсуздуктун эң башкы коркунучу катары шайлоолорду атады.

«Адилетсиз шайлоо уюштуруу бийликти басып алууга алып келет. 2005-жылы саясий оюндар орун алып, бийлик алмашкан. 2009-жылы дагы ошондой болгон. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып олтуруп, улуттук коопсуздук унутта калууда. 2020-жылдын октябрь айында болгон окуялар буга мисал. Ошондо да шайлоонун алдында биз бийликке эскертип, адилетсиз шайлоо элди толкундоого алып келери мүмкүн экенин айтканбыз», — деди Иманкулов.

Ооганстандагы талибдердин аймактарды улам ээлеп алуусу Кыргызстандын сырткы коопсуздугу үчүн олуттуу көйгөй болорун да эскертти.

Количество просмотров: 102